Талап кылынган иш тажрыйба: 1-3 жыл
Толук жумуштуулук, толук күн

айлык/акы көрсөтүлгөн эмес

Дүкөндүн директору (спорттук жабдуулар жана аксессуарлар)

DISCOVER FITNESS компаниясы фитнес-клубдар жана жеке кардарлар үчүн фитнес жабдуулар рыногунда, Россия жана КМШ өлкөлөрүндөгү лидерлердин бири.

Биздин компания – TRX, Trigger Point, Antigravity, Theragun, LifeFitness, Hammer Strength, Escape, Tiguar, Reaxing
ж.б. сыяктуу 30дан ашык алдыңкы дүйнөлүк фитнес-бренддердин эксклюзивдүү дистрибьютору болуп саналат.

Биздин компания активдүү өсүүдө жана өнүгүүдө. Бизде амбициялуу долбоор старт алды, спорттук жашоо образын жүргүзгөн адамдар үчүн бутик. Бул долбоор үчүн биз спорттук жабдуулар боюнча эксперт болууну жана фитнес-индустриясындагы эң күчтүү командалардын биринде иштөөнү каалаган Дүкөн директорун издеп жатабыз.

Сиздин милдеттериңизге төмөнкүлөр кирет:
  • Дүкөндүн ишмердүүлүгүн уюштуруу, пландаштыруу жана анализдөө;
  • Соода тейлөөсүн жана дүкөндөгү орун-жайды уюштуруу боюнча тийиштүү шарттарды түзүү жана колдоого алуу;
  • Соода процессинин сапатын жана кызматкерлердин мотивациясын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
  • Товар запастарын башкаруу, калдыктарды көзөмөлдөө;
  • Жеткирүүчүлөргө заявкаларды түзүп берүү, товарларды кабыл алуу;
  • Дүкөндүн персоналынын ишмердүүлүгүн координациялоо жана көзөмөлдөө. Кызматкерлердин иш тартибин түзүү жана жүргүзүү;
  • Көргөзмө залында кардарларды тейлөө:
  • ассортимент тизмеги боюнча консультациялоо, тандоодо жардам берүү, заказды каттоо;
  • Сатуу планын аткаруу;
  • Тазалыкты сактоо;
  • Маркетинг акцияларын ишке ашыруу;
  • Мерчендайзингтин ички эрежелерин сактоо;
  • Инвентаризацияны уюштурууга жана жүргүзүүгө катышуу;
  • Товарлардын жана жабдуулардын сакталышын камсыз кылуу - ТМЦти эсепке алуу, даярдоо жана инвентаризацияны жүргүзүү
  • Кызматкерлердин тартип бузууларын жана ишиндеги кемчиликтерин жоюу аркылуу кардарлардын даттанууларын карап чыгуу жана аларга өз убагында жооп берүү;
  • Кассалык тартипти жүргүзүү жана көзөмөлдөө;
  • Сатуулардын анализи. Отчёттуулукту жүргүзүү.

Биздин талаптар:
  • Чекене сооданын
  • технологияларын жана бизнес процесстерин билүү;
  • 5 адамдан өйдө жамаатты башкаруу тажрыйбасы;
  • ПК, 1С, MS Office'тин тажрыйбалуу колдонуучусу;
  • Персоналды тандоо жана окутуу боюнча жөндөмдөр;
  • Көрсөткүчкө багыт алгандык;
  • Жетекчилик кызматтагы иш тажрыйба (чоң соода ишканаларында болсо жакшыраак);
  • Анык билинген лидерлик сапаттар.

БИЗ СУНУШТАЙБЫЗ:
  • Туруктуу эмгек акы;
  • Кирешеңиздин өсүшү түздөн-түз сиздин квалификацияңыздын жана тажрыйбаңыздын өсүшүнөн көз каранды;
  • Расмий түрдө ишке орношуу;
  • Иштеген жери: Бишкек ш. Тоголок Молдо көчөсү, ү.3б;
  • Иш графиги: сменалык.
  • Бутиктин иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн ишембиге чейин - 10:00 - 20:00, жекшемби 11:00 - 20:00.
Билдирме калтыр жана Discover Fitness Кыргызстан командасынын мүчөсү бол!
Кыска форманы толтур, резюмеңди тирке жана өзүң тууралуу кыскача айтып бер.
Билдирме калтыр жана Discover Fitness Кыргызстан командасынын мүчөсү бол!
Кыска форманы толтур, резюмеңди тирке жана өзүң тууралуу кыскача айтып бер.
Биз менен байланышуу
HR-менеджер Елена Матвеева

+7 (926) 2961255
hr@lifefitness.kg

Кыргызстан, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3б
Биз менен байланышуу
HR-менеджер Елена Матвеева

+7 (926) 2961255
hr@lifefitness.kg

Кыргызстан, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3б
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б