СПОРТТУК КОМАНДАЛАР ҮЧҮН DISCOVER FITNESS ЖАБДУУЛАРЫ

Спортчулар жана спорттук командалар менен кызматташтык
БИЗ КОМПЛЕКСТҮҮ ЧЕЧИМДЕРДИ СУНУШ КЫЛАБЫЗ
  • Премиум-класстагы продуктылар
    Биз заманбап, эффективдүү жана коопсуз жабдууларды тартуулоо менен, сиздин аянтты өзүнө тарта турган жайга айлантабыз.

    Каталогго
  • Зоналарга бөлүү жана пландаштыруу
    Биздеги архитекторлордун жана дизайн боюнча адистердин командасы
    сиздин талаптарга жооп бере турган уникалдуу чечимди чыгаруу үчүн, орун-жайдын өзгөчөлүктөрүн жана тандалган жабдууларды эң мыкты түрдө айкалыштырат.

    Кененирээк
  • Сервистик жана IT-колдоо
    Биздеги техникалык колдоо жана IT-адистердин командасы
    ыкчам жана эффективдүү тейлөөнү камсыздоого жана жабдуунун
    иштебей туруп калуу убактысын нөлгө чыгарууга умтулушат.
  • Маркетингдик колдоо
    Клубдун веб-сайттарына, социалдык түйүндөрүнө жайгаштыруу үчүн биз визуалдык жана тексттик даяр контентти, ошондой эле мейкиндикти кооздоо үчүн фирмалык имидждердин коллекциясын беребиз.

    Кененирээк
СИЗДИН ДОЛБООР ҮЧҮН ЗАМАНБАП
ФИТНЕС-ЧЕЧИМДЕР

ЖОГОРКУ СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ТҮЗҮЛГӨН

Тренажорлор эң экстремалдык оордук келтирүүлөргө туруштук бере алаарын кепилдеш үчүн, Life Fitness жана Hammer Strength тренажорлору тармактагы стандарттардан да жогоруурак турган өтө кылдат сыноолордон өтөт.

ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮКТҮН

ПИОНЕРЛЕРИ

Биздин тренажорлордун тарыхы күчтүн жана өндүрүмдүүлүктүн концепциясын терең түшүнүүдөн жана колдонуудан келип чыгат. Биз мына 35 жылдан бери мыкты биомеханикасы жана үлгүлүү кыймылы бар продуктыларды жаратып келүүдөбүз.

ТЫНЫМСЫЗ

ЖАКШЫРТУУ

Биздин адистештирилген командабыз өндүрүмдүүлүк жана спорттук даярдык жаатында эксперттер болуп эсептелет. Биздин консультанттардын көбү күч тренердик тажрыйбасы жана бул чөйрөдөгү 20 жылдан ашык эмгек жолу менен мактана алышат. Биз кардарларыбыздын тармактык билимге болгон байланышын колдоого алып, аларды ар кандай иш-чараларыбыздан дүйнөлүк класстагы тренерлер менен кездештирип турабыз.

DISCOVER FITNESS-ТИН
ДОЛБООРЛОРУ
СИЗДИН ДОЛБООР ҮЧҮН КААЛАГАН ЗОНАНЫ ЖАБДУЛАЙБЫЗ
Биз сиздин фитнес-клуб үчүн кардиотренажорлордун кеңири тандоосун беребиз: чуркоо килемдери, эллиптикалык тренажорлор, кросс-тренажорлор, велотренажорлор, тепкичтер боюнча чыгуу тренажорлору, ж.б.
Блок тренажорлор зонасы базалык жана орто деңгээлдеги даярдыктагы колдонуучулар үчүн эң туура келет. Болушунча жай-салмактуу жана табигый кыймылдар көнүгүүлөрдү аткарууда ыңгайлуулукту, машыгуулардын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун кепилдейт.
Күч зонасы тажрыйбасы бар колдонуучуларга. Дисктер менен оордук келтирилчү тренажорлордо, чогулчу-тарачу траекториялары боюнча
асинхрондук кыймылдардын технологиясы – кол жана бут булчуңдарын (чоогусу менен, өз-өзүнчө, кезектешип жана асимметриялык салмак менен) болушунча эффективдүү машыктырууга мүмкүндүк берет.
Бул зонада эркин салмактары менен классикалык көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн отургучтар жана тирөөчтөр орнотулушу мүмкүн. Гантелдердин жана штанга үчүн салмактардын кеңири тандоосу тренерлер үчүн ар кандай даярдык деңгээлиндеги кардарларды машыктырууга мүмкүндүк берет.

Кызыктуу жана ар түрдүү функционалдык машыгуулар, ошондой эле өтө интенсивдүү, интервалдуу (аралык) машыгуулар (ВИИТ). Функционалдык машыгуулар күчтү, чыдамкайлыкты, тең салмактуулукту чыңоого жана биз күнүмдүк жашоодо жасачу кыймыл-аракеттерди аткаруу үчүн денени даярдоого жардам берет.

ICG топтук сайклинги, TRX функционалдык тренинги, Antigravity-ден гамактардагы (асма тор) йога, пилатес – бул сиздин фитнес-клубда өтө турчу топтук программалардын айрымдары гана.
БИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ
Заявканы толтуруңуз жана сиздин фитнес-мейкиндикти жабдулоо боюнча консультация алыңыз.
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б