ҮЙ ШАРТЫНДАГЫ ЗАЛДАР ҮЧҮН DISCOVER FITNESS ЖАБДУУЛАРЫ

Ар түрдүү аянттагы, үй шартындагы залдарды профессионалдык фитнес-тренажорлор менен камсыздоо
ар багыттар боюнча фитнес-тренажорлордун кеңири тандоосу
ар түрдүү аянттагы залдар үчүн индивидуалдык чечимдер
сиз үчүн ыңгайлуу жол менен бүткүл Кыргызстан боюнча жеткизүү
профессионал мастерлерден 24/7 тейлөө жана колдоо
БИЗ КОМПЛЕКСТҮҮ ЧЕЧИМДИ СУНУШТАЙБЫЗ

  • Премиум-классындагы продуктылар
    100% коопсуз жана эффективдүү машыгуулар үчүн, биз эң заманбап технологиялар боюнча иштелип чыккан жабдууларды тартуулайбыз.

    Каталогго
  • Индивидуалдык мамиле

    Биздин менеджерлер ар бир кардардын каалоолоруна жооп берчү оригиналдуу чечимдерди сунушташат. Биз мейкиндикти жана үй-бүлөнүн курамын эске алуу менен, керектүү тренажорлорду тандап беребиз.
  • Ар кандай татаалдыктагы үй
    шартындагы залдар
    Биздин компания ар кандай татаалдыктагы үй шартындагы залдарды жабдуулоо боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ.
СИЗДИН ДОЛБООР ҮЧҮН КААЛАГАН ЗОНАНЫ ЖАБДУЛАЙБЫЗ
Биз сиздин фитнес-клуб үчүн кардиотренажорлордун кеңири тандоосун беребиз: чуркоо килемдери, эллиптикалык тренажорлор, кросс-тренажорлор, велотренажорлор, тепкичтер боюнча чыгуу тренажорлору, ж.б.
Блок тренажорлор зонасы базалык жана орто деңгээлдеги даярдыктагы колдонуучулар үчүн эң туура келет. Болушунча жай-салмактуу жана табигый кыймылдар көнүгүүлөрдү аткарууда ыңгайлуулукту, машыгуулардын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун кепилдейт.
Күч зонасы тажрыйбасы бар колдонуучуларга. Дисктер менен оордук келтирилчү тренажорлордо, чогулчу-тарачу траекториялары боюнча
асинхрондук кыймылдардын технологиясы – кол жана бут булчуңдарын (чоогусу менен, өз-өзүнчө, кезектешип жана асимметриялык салмак менен) болушунча эффективдүү машыктырууга мүмкүндүк берет.
Бул зонада эркин салмактары менен классикалык көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн отургучтар жана тирөөчтөр орнотулушу мүмкүн. Гантелдердин жана штанга үчүн салмактардын кеңири тандоосу тренерлер үчүн ар кандай даярдык деңгээлиндеги кардарларды машыктырууга мүмкүндүк берет.

Кызыктуу жана ар түрдүү функционалдык машыгуулар, ошондой эле өтө интенсивдүү, интервалдуу (аралык) машыгуулар (ВИИТ). Функционалдык машыгуулар күчтү, чыдамкайлыкты, тең салмактуулукту чыңоого жана биз күнүмдүк жашоодо жасачу кыймыл-аракеттерди аткаруу үчүн денени даярдоого жардам берет.

ICG топтук сайклинги, TRX функционалдык тренинги, Antigravity-ден гамактардагы (асма тор) йога, пилатес – бул сиздин фитнес-клубда өтө турчу топтук программалардын айрымдары гана.
БИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ
Заявканы толтуруңуз жана сиздин фитнес-мейкиндикти жабдулоо боюнча консультация алыңыз.
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б