STICK MOBILITY
Stick Mobility – бул машыгуулар үчүн жабдуу, ал
сиздин мобилдүүлүгүңүздү, туруктуулугуңузду на күч-кубатыңызды жакшыртат.
STICK MOBILITY
Mobility Stick көнүүгүлөрдө кыймылдардын диапазонун жакшыртуу, булчуңдарды жана координацияны активдештирүү жана мыкты кыймыл үчүн бекем негизди жаратуу максатында денени таануу үчүн каражат катары пайдаланылат.
STICK MOBILITY
Биз спортчулардын, тренерлердин жана спорт менен фитнестеги практикалык врачтардын тажрыйбасына таянабыз.
STICK MOBILITY ДЕГЕН ЭМНЕ?

Stick Mobility – бул сиздин мобилдүүлүгүңүздү, туруктуулугуңузду жана күчүңүздү жакшыртчу машыгуулар үчүн ийкемдүү шырыктар/таяктар. Stick Mobility жабдуусу рычагдарды, туруктуулукту, кайтарым байланышты, иррадиация жана координацияны колдонуунун илимий принциптерине негизделген.
Таяктар ар кандай бийиктикте (0,9 м-дан, 2,1м-га чейин), диаметрде жана катуулукта болот, жана колдоонучунун боюна жараша тандалат.

Stick Mobilityнин кош негиздөөчүлөрү

Neal Valera – 2007-жылдан бери күчтү, мобилдүүлүктү жана кыймылды машыктырат.
Анын спортко, күрөшүү искусствосуна жана таза абада машыгууга болгон сүйүүсү – ар түрдүү кыймыл тартиптерине карата түбөлүктүү кызыгуусунун пайда болуусуна себеп болгон.

Ар түрдүү дене түзүлүштөгү жана даярдык деңгээлиндеги кардарлар менен иштешүү учурунда, Neal көп узак өмүрдүн, ден соолуктун жана спорттук ийгиликтердин ортосунда дайыма окшош бир негиз бар экенин түшүнгөн – ал кыймылдардын сапаты. Neal 2015-жылы Stick Mobilityтин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Өз физикалык дараметин ачуу жана кыймылдардын сапатын жакшыртуу үчүн адамдарга жардамдашууну ал өзүнүн максаты, ынтаасы деп билет.


Dennis Dunphy – фитнес индустриясында 1999-жылдан бери иштейт, ал өз жолун 24 жашында Hour Fitnessте тренер болуудан баштап, көп өтпөй көз карандысыз персоналдык тренер боло алган. Анын кардарларынын көбү 40 жаштан ашкандар жана физикалык оорудан кыйналгандар. Ал үчүн адамдардын физикалык да, психологиялык да абалын жакшыртууга жардам берүүдөн өткөн сыймык иш жок.

Анын иши адамдын денеси жана андагы компоненттердин бириккен иши тууралуу туруктуу билим топтоого жол берип, акыры анын башкалар үчүн ден соолукту жана кыймылдарды жакшыртчу жардамчы курал катары 2015-жылы Stick Mobilityни түзүүсүнө түрткү болгон

STICK MOBILITY ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Stick Mobility жабдуусу – бул муундарды, күч машыгууларын мобилизациялоо, терең фассиялык стретчинг, спорттук көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, жаракат алуу тобокелдерин
азайтуу жана калыпка келтирүүнү тездетүү үчүн каражат.
Stick Mobility кыймылдардын диапазонун жакшыртуу, булчуңдарды жана координацияны активдештирүү жана мыкты кыймыл үчүн бекем негизди жаратуу максатында денени таануу үчүн каражат катары пайдаланылат.
STICK MOBILITY КИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫКТУУ?
Фитнестин жана активдүү жашоо образынын сүйүүчүлөрүнө
Спорттун
чеберлерине
Пассивдүү жашоо образын жүргүзгөндөргө жана отуруу абалында көп убакыт өткөргөндөргө
Бардык жаш-курактагы, түзүлүштөгү жана физикалык даярдыктагы колдонуучуларга
STICK MOBILITY КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?
Тренердин башкаруусу алдында фитнес-клубдагы топтук
жана индивидуалдык recovery-машыгуулары үчүн
Өз алдынча машыгуулар үчүн көнүгүүлөрдүн видеокитепканасы менен таанышыңыз же Stick Mobility курсуна баш багыңыз

КАТАЛОГУ STICK MOBILITY

БИЗДИН ДҮКӨНДӨН СИЗ:
перкуссиялык массажды, миофасциалдык релизди, тейпирлөөнү жана башканы өзүңүзгө сынап көрсөңүз болот
биздин эксперттерден профессионалдык консультация алсаңыз болот
өзүңүзгө ылайыктуу товарды сатып алсаңыз болот
биздин ассортимент менен таныша аласыз
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б