Жогорку тыгыздыктагы пеноматериал максималдуу үн тосууну камсыз кылат
Жогорку тыгыздыктагы полиуретан пенасы – үндүн деңгээлин минималдаштырууга жана тынч, бирок натыйжалуу терапия үчүн дене вибрациясын эффективдүү өткөрүүгө атайын негизделип иштелип чыккан. Theragun Wave цилиндрлары сапаттын жана көпкө чыдамдуулуктун эң жогорку стандарттары боюнча текшерилет, ошондой эле активдүү түрдө күнүмдүк колдонууда адамдын бүткүл денесин көтөрүүгө кудуреттүү.
Bluetooth® менен шайкештик
Bluetooth® функциясынын бар болгондугу үчүн, Theragun Wave цилиндры Therabody мобилдик тиркемесине оңой кошулат. Анын жардамы менен доктор Джейсон өзү түзгөн терапиянын ырасталуучу программаларына доступ алса болот, жана ийкемдүүлүктү өнүктүрүүнүн же көйгөйлүү зоналардын үстүнөн иштесе болот.
Түзмөктүн өзүнөн жана мобилдик тиркеме аркылуу өзгөртүлүүчү ылдамдыктын 5 режими
Массаж цилиндрлары менен денеге жүгүртүү жасоо аркылуу – ийкемдикти жогорулатуу, булчуңдарды калыпка келтирүүгө жана алардагы чымырканууну алуу мүмкүн экени жалпыга белгилүү. Ошондуктан биз булчуңдарга классикалык жүгүртүү жасоо менен вибрациянын 5 түрдүү ылдамдыктарынын терапиялык артыкчылыктарын бириктирдик. 5 ылдамдыктын бирин тандап, денеңиз талап кылган интенсивдүүлүккө коюп, процедуралардан ырахаттаныңыз.
Аккумулятор 3 сааттык автономдук иштөөгө ылайыкталган
Theragun Wave сизге керек болгон учурда, жардам берүүгө даяр. Массаж цилиндрын машыгуу залына же сапарга алып алыңыз, жана анын 180 мүнөт автономдуу иштөөсү сиз үчүн көпкө жарап берет. Мындан тышкары, аккумулятор зымсыз зарядкалоону тейлейт, демек, түзмөктү Multi Deviceтын (өзүнчө сатылат) зымсыз зарядкасынын тирөөчүндө заряддоого оңой болот.