МЕЙМАНКАНАЛАР ҮЧҮН DISCOVER FITNESS ЖАБДУУЛАРЫ

Отелдер үчүн инновациялык фитнес-технологиялардын комплекстүү провайдери
Акыркы бир нече жылдардан бери керектөөчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алып келүүдө, жана артыкчылыктар тизмесинде биринчи орунга ийгиликтүү чыга алды.

Биз жалпы ийгиликтин үч негизги толуктоочу компонентин карайбыз – физикалык, психологиялык жана социалдык – булар жалпы саламаттыктын маанилүү критерийлери.

Адамдар, мурдагыдай эле саякаттоону акыбалды жакшыртуучу каражат катары алып карашат. Global Wellness Institute-тун (GWI) баалоосу боюнча, жөнөкөй эл аралык туристке караганда, эл аралык wellness-саякатчылары 53%га көбүрөөк каражат коротушат, ал эми жөнөкөй ички туристтерге салыштырмалуу ички wellness-саякатчылары 178%га көбүрөөк коротушат.
ды эл аралык wellness-саякатчылары коротушат
+53%
ички wellness-саякатчылары коротушат
+178%

ОТЕЛДИН МЕЙМАНДАРЫ ҮЧҮН ФИТНЕС МЕНЕН МАШЫГУУНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Жогорку сапаттуу жабдуулар жана мыкты жасалгаланган фитнес-зал меймандардын канааттанууларын 30%га көтөрө алышы мүмкүн.
Командировкага жөнөгөн адамдардын 69%ы заманбап фитнес-залы бар отелдерди тандашат.
Командировкага жөнөчү адамдардын 62%ы брондоо учурунда эле: отелде фитнес-зал барбы? - деп сурашат.
5 мыкты отелди тандоодо, андагы меймандар фитнес-залдын бар болуусун эң маанилүү нерсе деп айтышкан.
Командировкага жөнөгөн адамдардын 43%ы фитнес-залды пайдаланышат (биринчи оорунда интернет – 45%)

МЕЙМАНДАР ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ

ФИТНЕС-ЗАЛДАРДЫ БААЛАШАТ

Отелдеги фитнес-залды
аныктай турчу эки фактор –
бул тазалык жана аянт.
Сурамжылангандардын
91%ы тазалык абдан маанилүү
фактор экенин тастыкташкан.
Сурамжылангандардын 78%ы залдагы жеке мейкиндиктин көлөмү абдан маанилүү фактор экенин тастыкташкан.
Аянты кичинекей жана ремонту
начар болгон фитнес-борбор
жадакалса чоочун кардарлар үчүн
да негативдүү таасир калтырат.
Сурамжылангандардын 50%ы залда медиа-ресурстардын
бар болуусун абдан маанилүү
фактор экенин тастыкташкан.
БИЗДИН ДОЛБООРЛОР
СИЗДИН ДОЛБООР ҮЧҮН КААЛАГАН ЗОНАНЫ ЖАБДУЛАЙБЫЗ
Биз сиздин фитнес-клуб үчүн кардиотренажорлордун кеңири тандоосун беребиз: чуркоо килемдери, эллиптикалык тренажорлор, кросс-тренажорлор, велотренажорлор, тепкичтер боюнча чыгуу тренажорлору, ж.б.
Блок тренажорлор зонасы базалык жана орто деңгээлдеги даярдыктагы колдонуучулар үчүн эң туура келет. Болушунча жай-салмактуу жана табигый кыймылдар көнүгүүлөрдү аткарууда ыңгайлуулукту, машыгуулардын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун кепилдейт.
Күч зонасы тажрыйбасы бар колдонуучуларга. Дисктер менен оордук келтирилчү тренажорлордо, чогулчу-тарачу траекториялары боюнча
асинхрондук кыймылдардын технологиясы – кол жана бут булчуңдарын (чоогусу менен, өз-өзүнчө, кезектешип жана асимметриялык салмак менен) болушунча эффективдүү машыктырууга мүмкүндүк берет.
Бул зонада эркин салмактары менен классикалык көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн отургучтар жана тирөөчтөр орнотулушу мүмкүн. Гантелдердин жана штанга үчүн салмактардын кеңири тандоосу тренерлер үчүн ар кандай даярдык деңгээлиндеги кардарларды машыктырууга мүмкүндүк берет.

Кызыктуу жана ар түрдүү функционалдык машыгуулар, ошондой эле өтө интенсивдүү, интервалдуу (аралык) машыгуулар (ВИИТ). Функционалдык машыгуулар күчтү, чыдамкайлыкты, тең салмактуулукту чыңоого жана биз күнүмдүк жашоодо жасачу кыймыл-аракеттерди аткаруу үчүн денени даярдоого жардам берет.

ICG топтук сайклинги, TRX функционалдык тренинги, Antigravity-ден гамактардагы (асма тор) йога, пилатес – бул сиздин фитнес-клубда өтө турчу топтук программалардын айрымдары гана.
БИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ
Заявканы толтуруңуз жана сиздин фитнес-мейкиндикти жабдулоо боюнча консультация алыңыз.
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б