TUNTURI
Tunturi чуркоо килемдеринин жардамы менен сиз физикалык формаңызды колго ала аласыз жана үйдөн чыкпастан, өз темпиңизде чуркоодон ырахат аласыз.
TUNTURI
Фитнес менен машыгуу – бул кызыктуу! Эшүүчү (гребной) тренажор – машыгуулар үчүн эң эффективдүү каражаттардын бири.
TUNTURI
Кросс-тренажордун жардамы менен дене булчуңдарынын сексен пайызын машыктырса болот, демек жабдуунун эффективдүүлүгү жогору.
TUNTURI ДЕГЕН ЭМНЕ?
Tunturi – үй үчүн тренажорлордун жана аксессуарлардын жүз жылдык тарыхы бар финн бренди.
Tunturi ассортименти жогорку сапаттагы жана ыңгайлуу баадагы кардиотренажорлордун, күч жабдууларынын жана аксессуарынын кеңири спектрынан турат.

Tunturiнин жаралуу тарыхы

Tunturi (финнче “тоо”) финн брендинин тарыхы 1922-жылы башталган, анда Аарне жана Ээро Харкке аттту бир туугандар Финляндиянын Турку шаарында велосипедтердин чакан ишканасын ачышкан. Бара-бара ишкана чоң фабрикага айланып, компанияны ички рыноктун лидери кылган. Велосипедтерди өндүрүүдө топтолгон технологияларды жана тажрыйбаны колдонуу менен, Tunturi өз ишмердүүлүгүн кеңейтип, өз учуру үчүн инновациялык делген фитнес-жабдууларды өндүрө башташкан.

1970-жылы Tunturi тренажорлордун өндүрүүчүсү катары эл аралык наамга ээ болгон, ошондон кийин компания тарабынан фитнес үчүн товарларды өндүрүүгө жана ассортиментти кеңейтүүгө басым жасоо чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Tunturi – бул 40дан ашык өлкөгө тартууланган, дүйнөгө таанымал бренд. Tunturiнин ассортиментинде жогорку сапаттагы жана ыңгайлуу баадагы көптөгөн ар түрдүү жабдуулар жана фитнес-аксессуарлар бар.

TUNTURI ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Tunturi жабдуусу – үй шартындагы машыгуу залын же жөн гана машыгуу бурчун жабдулоо үчүн мыкты тандоо – кардиотренажорлор, күч станциялары, фитнес, йога жана функционалдык машыгуулар үчүн аксессуарлар жана башкалар.
Tunturi каталогунан сиз үй шартындагы
толук кандуу жана ар түрдүү машыгуулар
үчүн керек болгондордун баарын таба аласыз.
TUNTURI КИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫКТУУ?
Фитнестин жана активдүү жашоо образынын сүйүүчүлөрүнө
Спорттун
чеберлерине
Пассивдүү жашоо образын жүргүзгөндөргө жана отуруу абалында көп убакыт өткөргөндөргө
Бардык жаш-курактагы, түзүлүштөгү жана физикалык даярдыктагы колдонуучуларга
TUNTURIНИ КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?
Үй шартындагы ар
түрдүү багыттагы өз
алдынча машыгуулар үчүн.
Tunturi жабдуусу колдонууда оңой, коопсуз жана интуитивдик жактан түшүнүктүү. Tunturiнин бардык тренажорлору так көрсөтмөлөрү менен берилет.

КАТАЛОГУ TUNTURI

БИЗДИН ДҮКӨНДӨН СИЗ:
перкуссиялык массажды, миофасциалдык релизди, тейпирлөөнү жана башканы өзүңүзгө сынап көрсөңүз болот
биздин эксперттерден профессионалдык консультация алсаңыз болот
өзүңүзгө ылайыктуу товарды сатып алсаңыз болот
биздин ассортимент менен таныша аласыз
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б