HAMMER STRENGTH
Hammer Strength – эркин салмактары менен күч тренажорлорунун арасында дүйнөдөгү №1 бренд.
HD PERFORMANCE
Легендарлуу брендден көптөн күткөн жаңылыкты тосуп алыңыз – Hammer Strength HD Performance сериясы – Hammer Strength механикалык кардиотренажорлору.
HD ELITE
Экстремалдуу машыгуу күч келтирүүлөрү үчүн багытталган, индустриядагы эң бекем оор атлетикалык тирөөчтөр.
HAMMER STRENGTH ДЕГЕН ЭМНЕ?

Hammer Strength америкалык бренди – эркин салмактары менен күч тренажорлору дүйнөсүндө №1. Hammer Strength бейсызыктуу траекториялар боюнча колдордун жана буттардын багынбаган кыймылдарын колдонгон алгачкы тренажорлор боло алды.

Hammer Strength тренажорлору текшерилген биомеханиканын аркасы менен коопсуздукка жана жогорку эффективдүүлүккө ээ. Hammer Strengthтин ассортиментине эркин салмактары менен тренажорлор, стек тренажорлору, отургучтар, күч тирөөчтөрү, рамалар, штангдар, гантелдер ж.б. кирет.

Hammer Strengthтин жаралуу тарыхы


Чейрек кылым мурун Гэри Джонс коопсуз жана эң эффективдүү машыгууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берчү күч жабдууларын жаратууга бел байлаган. Проектировщиктердин командасы үч жылдын жүрүшүндө дененин кантип кыймылдоосун, булчуңдардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, спорттук медицина тармагындагы врачтар, адистер жана алдыңкы спортчулар менен кеңешкен. Изилдөөлөрдүн соңунда, 1989-жылдын апрелинде Hammer Strength линейкасы өндүрүшкө киргизилген.

Hammer Strength бейсызыктуу траекториялар боюнча колдордун жана буттардын багынбаган кыймылдарын колдонгон алгачкы тренажорлор боло алды. Табылган чечимдер биомеханика жана машыгуулардын эффективдүүлүгү жагынан идеалдуу болуп чыгып, атлетика чөйрөсүндө бардык жерден мыкты деп таанылып, Hammer Strength маркасын эркин салмактары менен күч тренажорлору дүйнөсүндө №1 бренд кылган.

Бул тренажорлор бодибилдерлердин жана пауэрлифтёрлордун бир нече мууну үчүн үлгүлүү болуп калды. Hammer Strength – премиум-класстагы фитнес-жабдууларды өндүрүүдөгү дүйнөлүк лидер Life Fitness компаниясынын бренди.

HAMMER STRENGTH ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Үйдөгү жана
фитнес-клубдагы күч
машыгуулары үчүн
Hammer Strength күч машиналарындагы машыгуулар бүт дене булчуңдарын коопсуз жана эффективдүү чыңоого, муундарды бекемдөөгө жана организмдин жалпы иш жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.
HAMMER STRENGTH КИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫКТУУ?
Фитнестин жана активдүү жашоо образынын сүйүүчүлөрүнө
Спорттун
чеберлерине
Күч машыгууларынын сүйүүчүлөрүнө
Бардык жаш-курактагы, түзүлүштөгү жана физикалык даярдыктагы колдонуучуларга
HAMMER STRENGTHТИ КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?
Тренердин башкаруусу алдында
үйдөгү жана фитнес-клубдагы
индивидуалдык машыгуулар үчүн
Магышуу программасы жана салмак машыгуучунун баштапкы маалыматтарына жана максаттарына жараша индивидуалдык түрдө тандалат

КАТАЛОГУ HAMMER STRENGTH

БИЗДИН ДҮКӨНДӨН СИЗ:
перкуссиялык массажды, миофасциалдык релизди, тейпирлөөнү жана башканы өзүңүзгө сынап көрсөңүз болот
биздин эксперттерден профессионалдык консультация алсаңыз болот
өзүңүзгө ылайыктуу товарды сатып алсаңыз болот
биздин ассортимент менен таныша аласыз
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б