FAI СЕМИНАРЛАРЫ БИШКЕКТЕ
Улуу курактагы адамдар үчүн машыгуулар боюнча эксперт болуңуз
Семинардын презентёру, алып баруучусу – Функционалдык Узак жашоо Институтунун (Functional Aging Institute) вице-президенти – доктор Коди Сайп (АКШ)

Тилеке каршы, заманбап фитнес-индустрия көбүн эсе жаш жана дени сак кардарлар менен иштешүүгө багытталган.

Көпчүлүк машыктыруучулар жаш-куракка жараша өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн эске албастан, 20 жашаар кардарлар үчүн да, 50 жашаарлар үчүн да бирдей эле программаларды колдонуп келишет.


Бирок баары бир жаштын саны өсө беришине карабастан, жашоо сапатына жана картаюу процессинин өзүнө таасир этүү биздин колубуздан келет. “Функционалдык Узак жашоо боюнча Адис” программасы боюнча, FAI америкалык институтунун сертификатына ээ болгон тренерлер дал ушу менен алектенишет: алар көп учурда улгайган куракка байланыштуу болгон көйгөйлөрдү туура жана коопсуз чечүүнү жана алдын алууну жакшы билишет.

FAI Functional Aging Specialist сертификатталган программасы – бул функционалдык узак жашоо жана улуу курактагы адамдар үчүн машыгуу жүргүзүү боюнча эксперт болууга умтулган фитнестин чеберлери үчүн сертификатталган толук кандуу курс. Методиканын негизинде “Функционалдык Узак жашоо үчүн Машыгуулар Модели” деп аталган өзгөчө ыкма жатат, анын ичинде максаттуу топтун заманбап изилдөөлөрдөгү жүздөгөн сааттарга созулган анализдериндеги маалыматтардын тандалмасы жана практикалык иш тажрыйбаларынын ондогон жылдары жатат. Сиз көнүгүүлөрдүн эффективдүү программаларын кантип түзүүнү жана адапташтырууну үйрөнөсүз жана бул топтогу кардарлар менен иштешүүдө зарыл болчу билим жана жөндөмдөрдүн толук топтомун аласыз.

Бул курстагы маалымат кайсыл конкреттүү курактагы кардарлар үчүн туура келет?


Бул курстун бирден-бир маанилүү өзгөчөлүгү дал ушунда. Бул программадагы методикалар, техникалык ыктар, стратегиялар жана көнүгүүлөр 55-75 жаштагыларга негизделген, бирок ошол эле учурда алар андан жашыраак же улуурак кардарлар үчүн да мааниге ээ жана туура келет. Ошол эле ыкма 40-50 жаштагыларга жана 80-90 жаштагыларга деле колдонула берет.

Бул улуу курактуу топтун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, курстун катышуучулары салттуу кардиону жана күч машыгууларын кошуу аркылуу көнүгүүлөрдү жана методиканы адапташтырышат. Биз конкреттүү кардардын зарылчылыктарына туура келчү ар түрдүү функцияларды камтыган (мисалы, проприоцепцияны, мотордуу көзөмөлдү, кубаттуулукту, кыртыштардын турукташтыруусун ж.б.) жаңы ыкмаларды жана методикаларды колдонууга басым жасабыз.

Курс сунушталат: жеке тренерлерге, топтук программалардын инструкторлоруна, физиотерапевттерге жана алардын ассистенттерине, картаң курактагылар менен иштешкен адистерге

Фитнес-клубдун тренерлери үчүн улуу курактагы адамдар менен иштешүү боюнча адистештирилген окутуу программасынын максаттары жана милдеттери:

  • Улуу курактагы калктын зарылчылыктарын жана бул курак категориясындагылардын жашоо сапатын физикалык көнүгүүлөр кантип жакшыртаарын түшүнүү.

  • Карылыкка байланыштуу өнөкөт оорулары боюнча базалык билим алуу, жана көнүгүүлөрдө аларга жараша чектөөлөр/сунуштар болуусун түшүнүү.

  • Улуу курактагы адамдар үчүн ден соолуктун жана физикалык форманын деңгээлин баалоо боюнча техникалардын жөндөмдөрү.
  • Улуу курактагы адамдар үчүн мотивация техникасы жана көнүгүүлөрдү аткарууну окутуу.

  • Кайсы-бир кардардын абалына жараша (жүрөк-кан тамыр, респиратордук, метаболикалык, нервтик, ортопедиялык жана/же сенсордук системаларына жараша) көнүгүүлөрдү туура тандоо.

  • Күч көнүгүүлөрүн, кыймылдардын жана кардиокөнүгүүлөрдүн диапазонун жакшыртуучу көнүүгүлөрдү колдонуу менен калктын улуу курактагы катмары үчүн ден соолукту чыңдоочу жана фитнес-программаларды иштеп чыгуу.

  • Көнүгүүлөрдү туура тандоо же аларды аткаруу формаларын тууралоо үчүн медициналык адистердин колдоосу керек болчу учурларды аныктоо.

Курстан:

  • Тажрыйбалуу мастер-тренерлердин көзөмөл алдында 2 күн практика жана теория

  • Максаттуу аудиторияга жана карылык тууралуу бар болгон теорияларга кеңири сереп салуу, карап чыгуу

  • Бул топтогулардын психологиялык жана физикалык өзгөчөлүктөрү

  • Программаны иштеп чыгууда эске ала турчу типтүү көйгөйлөр жана оорулар

  • Улуу курактагылар үчүн функционалдык машыгуулар жана кыймылдарды тууралоо боюнча стратегияларды тандоо темасына терең батуу

  • Адрестик функционалдык тестирлөөнүн даяр методикалары.

  • Тагыраак материалдар орус тилинде

  • Экзамен (онлайн, жооптун бир нече варианттары бар тест)

Америкалык белгилүү презентёр – доктор Коди Сайп (Cody Sipe)
Декан Коди Сайп, Cody Sipe, Функционалдык Узак жашоо Институтунун (Functional Aging Institute) Вице-президенти (АКШ)


Клиникалык изилдөөлөр боюнча Профессор, Директор Жылдын программалык директору
IDEA 2005

Экзаменди ийгиликтүү тапшыргандан кийин:

FAI Эл аралык Сертификаты

Баллдар СEC: 1.0 ACE, 1.0 NFPT, 10 AFAA, 10 ACSM

Семинарга жазылуу
Бишкекте 26-27-апрельде
Баасы 16 000 сом
1-мартка чейин брондоодо 13 200 сом
БИЗДИН ДҮКӨН
720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Тоголок, Молдо көч., 3б